КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 2-сессиясы
“16” 04 2024-жыл № 05
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун, Кызыл-Суу айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан Кызыл-Суу айыл аймагынын административдик чек арасын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Кызыл-Суу жергиликтүү кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды;
1.Кызыл-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы Г.Чыныбаева жана айыл өкмөтүнүн башчысына Р.Эшмамбетов Схематикалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым Г.Чыныбаева