КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 2-сессиясы
“16” 04 2024-жыл № 08
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликүү кенешинин
туруктуу комиссиясынын курамын
түзүү жана бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Суу жергиликтүү кенешинин алдында коомчулук менен иш алып баруу, жергиликтүү бийлик органы болуп айыл өкмөтүнүн ишине жардам берүү жана тыгыз байланышта иш жүргүзүү максатында жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликүү кенешинин туруктуу комиссиялар:
· Финансы жана бюджет маселелери боюнча
· Социалдык, маданий жана этика маселелери боюнча,
· Жер жана агрардык маселелер боюнча,
· Туризм, жаштар саясаты, спорт маселелери боюнча
· Мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиялары түзүлсүн.
2.Туруктуу комиссиялардын ишин өз денгээлде жүргүзүү үчүн №1 тиркемеге ылайык анын мүчөлөрү бекитилсин.
3.Туруктуу комиссиялар жыл ичинде түзүлгөн иш пландарына ылайык жеринде иштерди өз денгээлинде аткаруусу жана өздүк папкаларын учурунда жүргүзүүсү зарыл жана айылдык кенешинин перспективдүү иш планына ылайык аткарган иштери туурасында өз отчетторун берип туруу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары С.Урдавлетовго тапшырылат.
Төрайым Г.Чыныбаева