Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-сентябры № 127
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы № 15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылдык аймагындагы шайлоо участоктордун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын № 2138 шайлоо участкасынын схемасына жана чек арасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Аркалык айылында жаңы шайлоо участогун түзүү жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 4 чечими келип түшкөн.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 01-32/1526 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы № 15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылдык аймагындагы шайлоо участоктордун схемаларына жана чек араларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемесинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын № 2138 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек арасы бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын.
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Аркалык айылындагы К.Кожояров № 2 көчөсүндөгү Ветсервис имаратынын дарегинде жайгашкан № 2455 жаңы шайлоо участкасы түзүлсүн жана анын схемасы жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкасынын дареги боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы № 2455 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзсүн.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 127 токтомуна 1-тиркеме |
Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району
Сайдыкум айылдык кеңеши
№ 2138 Сайдыкум шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы
№ 2138 шайлоо участкасынын чек арасынан - Ирисов Кушбак көчөсүндө жуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 48, 50, так сан тарабындагы 1, 3, 5, 7, 9, 11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39, 41, 45, 47, 49, 51. Кожояров Капар көчөсүндөгү жуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 16\1, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34 так сан тарабындагы 1, 3, 5, 7, 7а, 9, 11, 13, 15, 17, 21, 25, 27, 29, 31, 33. Аманов Акмат көчөсүндөгү жуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 26, так сан тарабындагы 1, 3, 7, 7а, 9, 11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 27\3. Машаев Мустапакул көчөсүндөгү жуп сан тарабындагы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 48, 50, 52 так сан тарабындагы 1, 3, 5, 11, 11\1, 13, 13\1, 15, 17 үйлөрү алынып салынсын.
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 127 токтомуна 2-тиркеме |
Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району
Сайдыкум айылдык кеңеши
№ 2455 Аркалык шайлоо участкасынын чек арасы жана схемасы
Дареги: Аркалык айылы, Кожояров Капар көчөсү № 2, Ветсервисдин имараты
Чек арасы: Аркалык айылынын калк отурукташкан көчөлөрү кирет.
Көчөлөрү: К.Ирисов, К.Кожояров, А.Аманов, М.Машаев, көчөлөрү кирет.
Шайлоочулардын саны: 550
Схемасы:
УШК № | Көчөнүн № | Көчөнүн аталышы | Шайлоо участкасынын чек арасынын аймагында жайгашкан бардык кыймылсыз объектилердин тизмеси |
2455 | 1 | Ирисов Кушбак | Так:1, 3, 5, 7, 9, 11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39, 41, 45, 47, 49, 51 |
Жуп: 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 48, 50 | |||
| 2 | Кожояров Капар | Так: 1, 3, 5, 7, 7а, 9, 11, 13, 15, 17, 21, 25, 27, 29, 31, 33 |
Жуп: 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 16\1, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 32, 34 | |||
| 3 | Аманов Акмат | Так: 1, 3, 7, 7а, 9, 11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 27\3 |
Жуп: 2, 4, 4\1, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20 | |||
| 4 | Машаев Мустапакул | Так: 1, 3, 5, 11, 11\1, 13, 13\1, 15, 17 |
Жуп: 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28, 30, 3 2, 34, 36, 38, 40, 42, 44, 46, 48, 50, 52 | |||
Жуп: 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18 |