Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 3-сессиясы
“29” 05 2024-жыл № 18
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу
жөнүндөгү” токтомунун негизинде.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 115 беренесинин негизинде, ошондой эле Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн берген сунуштарын ар тараптан карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Мурдагы Саруу айыл өкмөтүнүн Алдашев атындагы айылдык кеңеш тарабынан 2024-жылга бекитилген бюджеттин чыгымдар бөлүгүнө Саруу айылындагы С.Сыдыков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин капиталдык ремонту Республикалык бюджеттен берилүүчү дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүлө тургандыктан айыл өкмөтүнүн өздүк салымына 2500,0 миң сом, Саруу айылынын тоо тарабына канал ремонттоого чыгымдалган 268,7 миң сом ошондой эле айылдык кеңештин 2024-жылдын 13-январындагы №16 токтомунда көрсөтүлгөн “Тазалык” ишканасына болгон 650,0 миң сом. “Нур” балдар бакчасынын утурумдук ремонту үчүн 60,0 миң сом, С.Сыдыков, Ж.Чабалдаев, Санаторий мектептеринин утурумдук ремонт үчүн 136,0 миң сом, баардыгы болуп мурдагы Саруу айыл өкмөтү боюнча 3614,7 миң сом акча каражаты зарыл болгондуктан иштин кызыкчылыгына жараша төмөндөгүдөй жылдыруулар жүргүзүлсүн.
- 70911 “Нур балдар бакчасынын” 2222 статьясынан – 60,0 мин сомду
- 70921 “Чабалдаев орто мектеби” 2211 статьясынан – 75,0 мин сомду
- 70921 “Сыдыков орто мектеби” 2211 статьясынан – 59,0 мин сомду
- 70921 “Чабалдаев орто мектеби” 2222 статьясынан – 60,0 мин сомду
- 70921 “Сыдыков орто мектеби” 2222 статьясынан – 80,0 мин сомду
- 70111 “Аппарат” бөлүмүнүн 22154900 статьясынан – 469,0 мин сомду
- 70111 “ЖКХ” бөлүмүнүн 22141100 статьясынан – 100,0 мин сомду
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынан – 161,7 мин сомду
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 22221200 “Башка товарларды жана материалдарды алуу” статьясынан – 250,0 мин сомду
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31113320 “Жолдорду оңдоо” статьясынан – 1000,0 мин сомду
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31121290 “Башка транспорт каражаттарын сатып алуу” статьясынан – 1300,0 мин сомду
Баардыгы 3614,7 миң сом жылдырылсын.
2.Мурдагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдар бөлүгүнө проект менен келе турган саркынды сууларды тазалоочу жабдууну орнотууга айыл өкмөтүнүн өздүк салымана 1000,0 миң сом, Аппарат кызматкерлерине керектүү эмерек сатып алууга 75,0 миң сом, “Тазалык” жана “Суу канал” муниципалдык ишканаларына ПИКАП автоунаасын сатып алууга кошумча 400,0 миң сом баардыгы болуп мурдагы Кызыл-Суу айыл өкмөтү боюнча 1475,0 миң сом акча каражаты зарыл болгондуктан иштин кызыкчылыгына жараша төмөндөгүдөй жылдыруулар жүргүзүлсүн:
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 22154900 статьясынын – 1100,0 миң сомду
- 70111 “Аппарат” бөлүмүнүн 31123230 статьясынан – 75,0 миң сомду
- 70111 “Аппарат” бөлүмүнүн 22154900 статьясынан – 300,0 миң сомду
Баардыгы 1475,0 миң сом жылдырылсын.
3.Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Казыбековго райондук финансы башкармалыгы менен макулдашуу аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, берилген тапшырмаларды өз убагында аткарып туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева