Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 3-сессиясы
“29” 05 2024-жыл №19
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдар бөлүгүндө иштин кызыкчылыгына жараша бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө,
бир статьядан экинчи статьяга жылдыруу менен өзгөртүүлөрдү
киргизип туруу жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин сессияда болгон кайрылуусун ар тараптан карап чыгып, талкуулап айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканага атайын техникаларды лизингке алууда, алынган техникалардын бажы төлөмдөрүн төлөөдө, муниципалдык ишканаларга акча которууда келип чыккан көйгөйлөрдү, жана ошондой эле бюджеттик жыл ичинде башка жумуштар боюнча келип чыккан маселелерди өз убагында чечип туруу максатында Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдар бөлүгүндө иштин кызыкчылыгына жараша бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, бир статьядан экинчи статьяга жылдыруу менен өзгөртүүлөрдү киргизип туруу жагы айыл өкмөтүнун башчысы Т.Н.Иманбаевге тапшырылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Н.Иманбаевге жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.М.Казыбековго райондук финансы башкармалыгы менен макулдашуу аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, берилген тапшырмаларды өз убагында аткарып туруу жагы милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7- февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик – аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Кызыл Суу айыл өкмөтү менен Саруу айыл өкмөтү биригип, бир айыл өкмөтү түзүлгөн.
АТРды өткөрүү убагында жана андан кийинки үч ай ичинде жаны айыл өкмөтүндө мурдагы “Кызыл – Суу” жана “Саруу”айыл өкмөттөрүнүн бекитилген бюджеттеринде каралган иш чаралар, пландалган капиталдык ремонт жана курулуштар, техника сатып алуу жумуштары үзгүлтүккө учурап, чон суммадагы бюджеттик каражаттар өздөштүрүлбөй калган. 2024 жылдын II-чи жарым жылдыгында мурда өздөштүрүлбөй калган бюджеттик каражаттарды жылдын аягына калтырбай толук өздөштүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевке жана социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.М.Казыбековко милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнун башчысы Т.Н.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева