Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 3-сессиясы
“29” 05 2024-жыл № 28
Кызыл-Суу айылынын жашоочуларынын үйлөрүнө таза суу киргизүү боюнча
тарифин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылына Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен таза суу киргизилип жаткандыгына байланыштуу, долбоордун шарттарына ылайык таза суу системасына кошулуу жана кошуу “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынынан жүргүзүлөт. Кожолуктарды таза суу системасына кошуу тарифин “Кызыл-Суу суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т. Сулаймановдун сунушун карап чыгып Кызыл-Суу жергиликтүү Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Ар бир кожолукту суу системасына кошуу боюнча тарифти иштеп чыгууда буга чейинки долбоорлордо колдонулуп келген тарифти иштеп чыгуу методологиясын колдонуу менен ар бир кожолуктун кудуктан баштап кожолукка чейинки аралыкты өлчөп чыгуу жана чыгымдарды эске алуу менен орточо баа 8574 (сегиз миң беш жүз жетимиш төрт) сом өлчөмүндө бекитилсин. (Иштелип чыккан тарифтин көчүрмөсү токтомго тиркелет).
2.Токтомдун аткарылыш көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева