Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 3-сессиясынын
“29” 05 2024-жыл № 38
Кызыл-Суу айыл аймагынын “Узөнгү-Куш” участкасына чек ара
постун Цемент Там” участкасына бажы постун куруу
боюнча жер тилкесин бөлүү жөнүндө.
Кызыл-Суу айыл аймагынын “Узөнгү-Куш” участкасына чек ара постун “Цемент Там” участкасына бажы постун куруу боюнча жер тилкесин бөлүү жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин билдирүүсүн карап чыгып Кызыл-Суу жергиликтүү Кеңешинин 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Суу айыл аймагынын “Узөнгү-Куш” участкасына чек ара постун “Цемент Там” участкасына бажы постун куруу боюнча жер тилкесин бөлүү жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. “Узөнгү-Куш” участкасына чек ара постун курууга 2 га жер тилкеси “Цемент Там” участкасына бажы постун куруу 10 га жайыт жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3.Жогорудагы жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык, жер участкаларын бир категориядан экинчи категорияга которуу (транссформациялоо) айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Миңбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева