Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 5-сессиясынын
“13” 08 2024-жыл № 45
Жалгыз-Өрүк айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюмун курууга пайдаланылган 4000 кв. метр огороддорун берген жарандарга кайра башка жерден 4000 кв. мерт жер участогун сатып алууга
жергиликтүү бюджеттен акча каражатын
бөлүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Жалгыз-Өрүк айылынынын элдеринин кайрылуусунун негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмун курууга пайдаланылган 4000 кв. метр огороддорун берген жарандарга кайра башка жерден 4000 кв. мерт жер участогун сатып берүү максатында жана ошондой эле өз жерин берген жарандардын кайрылуусун эске алуу менен жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өз убагында мектепке чейинки билим берүү уюмун курууга 3000 кв.метр жерин берген Усубакунов Гульташир Ташимович жана 1000 кв метр жерин берген Бектуров Кылычбек Кубанычбековичге баардыгы болуп 4000 кв метр жер участогун башка жерден сатып берүүгө акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмун курууга берилген огороддору үчүн Усубакунов Гульташир Ташимовичге ошол эле айылдын башка жеринен 3000 кв.метр жер тилкесин көз карандысыз эксперттердин баалоосу менен, бааланган баада сатылып алынсын.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмун курууга 1000 кв метр жерин берген Бектуров Кылычбек Кубанычбековичге азыркы учурда айылдан сатып берүүгө жер тилкеси табылбай жаткандыгына байланыштуу, акча каражаты жер тилкеси табылганда айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде сатып берүүгө уруксаат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева