Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы

 

 

2024-жылдын 5-сентябры №38/2

 

         Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо

агенттигинин “Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында Кара-Суу айыл өкмөтү менен түзүлгөн кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө

 

          Кара-Суу айыл аймагынын, айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин кызматташтык жөнүндө макулдашуусун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

          1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин “Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында Кара-Суу айыл өкмөтү менен түзүлгөн кызматташтык жөнүндө макулдашуусу бекитилсин

         

        2.  Токтомду көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

К. Сапарбек уулу