Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

1-уюштуруу сессиясы

 

 

21.02.2024 №3                                                                                                        

«Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши»

мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө", 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

1. Кумбел, Темир, Садыр Аке жана Семенов айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен "Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемеси болуп түзүлсүн.

2. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

·         мамлекеттик тилде:"Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши" мекемеси;

·          расмий тилде: Учреждение "Местный кенеш айылного аймака Садыр Аке"

Кыскартылган фирмалык аталышы:

  • мамлекеттик тилде: "Садыр Аке жергиликтүү кеңеши" м-и
  • расмий тилде: У-е "Местный кенеш Садыр Аке"

3. Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин иши жөнүндө Жобосу бекитилсин.

4. Өткөрүп берүү актысы бекитилсин.

5. Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы, Бакытбек көчөсү №60 аныкталсын.

6. Юридикалык жактын уюштуруучусу жергиликтүү кеңештин депутаттары.

7. Жергиликтүү кеңеш юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан мамлекеттик каттоодон өтсүн.

8. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын мамлекеттик каттоо үчүн даярдалган документтердеги маалыматтардын анык экени ырасталат.

Төрайым                                                                                                           А.С. Бараканова