Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №38/3
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун, Кочкор райондук филиалынын, Мантыш байланыш бөлүмүнө ысым ыйгаруу жөнүндө.
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун, Кочкор райондук филиалынын башчысы А.Макееванын кайрылуусунун негизинде, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОнун” 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун, Кочкор райондук филиалынын башчысы А.Макееванын кайрылуусунун негизинде, Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш байланыш бөлүмүнө, СССР учурунда көптөгөн жылдар Чолпон байланыш бөлүмүндө жогорку зона боюнча почтальон болуп иштеген Үкүев Абдыразактын ысымы ыйгарылсын.
2. Каттоодон өткөрүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын, токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|