Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-июлу № 369
2023-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги катар тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |