САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги II сессиясы
2024-жылдын апрель айынын 8и №6
«Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин типтүү Регламентин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламенти
жактырылсын жана бекитилсин. (Регламент тиркелет)
- Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин
депутаттарына милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Калкты социалдык
жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым А.С. Бараканова