Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №8
“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Кең-Сай кыргыз–өзбек бажы постун суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Кең-Сай кыргыз–өзбек бажы постун суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн керектелген жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Кең-Сай кыргыз–өзбек бажы постун суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн керектелген жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Кең-Сай кыргыз–өзбек бажы постун суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн электр мамыларын орнотууга аба чубалгыларын тартууга жана суу түтүгүн тартууга суралган жер тилкелерин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
4.Көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |