Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 508
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибинде:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суралган участокко карата жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъектке жер казынасын пайдалануу укугун берүү чечимин кабыл алса, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берет же жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо жүргүзөт.";
- 13-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъектке карата лицензиялоонун же жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун башка маселелери жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жалпы тартипте каралат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |