Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

 

2024-жылынын 06-августу  №7

 

“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Кең-Сай кыргыз–өзбек бажы постун электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн электр чубалгыларын тартуучу мамыларды, электро жабдууларды сатып алуу жана суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө”

 

Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Кең-Сай кыргыз–өзбек бажы постун электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн электр чубалгыларын тартуучу мамыларды, электро жабдууларды сатып алуу жана суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылындагы Кең-Сай кыргыз–өзбек бажы постун электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн электр чубалгыларын тартуучу мамыларды, электро жабдууларды сатып алуу жана суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү маалыматы эске алынсын жана аталган долбоор артыкчылыктуу деп табылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.

 

3. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.Көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Кубатов