Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

 

2024-жылынын 06-августу  №5

 

“Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылында жайгашкан 1497,8 кв.м. муниципалдык менчиктеги жер тилкесин конкурска коюууга макулдук берүү жөнүндө”

 

             Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Кыпчак-Талаа айылында жайгашкан 1497,8 кв.м. муниципалдык менчиктеги жер тилкесин конкурс аркылуу ижарага берүүгө тиешелүү чечим кабыл алып берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1. Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын Кыпчак-Талаа айылында жайгашкан 1497,8 кв.м. жер тилкесин конкурс аркылуу ижарага берүү үчүн тиешелүү чечим кабыл алып берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.

2. Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылында жайгашкан 1497,8 кв.м. жер тилкесин конкурс аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.

3.Муниципалдык менчиктеги 1497,8 кв.м. жер тилкесин конкурс аркылуу ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Мыйзамына ылайык юридикалык иш кагаздарынын аткарылышын камсыз кылуу жагы муниципалдык менчиктеги жер аянтын сатуу же ижаралоо максатында аукцион өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссияга жана айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовго милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.

5.Көзөмөлдөө экономика бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маматаевге милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Кубатов