Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №38/5
Мантыш айылындагы №7 Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобуна
ысым ыйгаруу жөнүндө.
Мантыш айылындагы №7 ҮДТнын башкы дарыгери М.Эркинбаеванын кайрылуусунун негизинде, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОнун” 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мантыш айылындагы №7 ҮДТнын башкы дарыгери М.Эркинбаеванын кайрылуусунун негизинде, Мантыш айылындагы №7 Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобуна, СССР учурунда көптөгөн жылдар Мантыш айылындагы №7 ҮДТда мед айым болуп иштеген Солтоева Изат Темиркуловнанын ысымы ыйгарылсын.
2. Каттоодон өткөрүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын, токтомдун аткарылышын Мантыш айылындагы №7 ҮДТнын башкы дарыгери М.Эркинбаевага милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|