Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №4
“Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылынын Келечек көчөсүндөгү 1000 кв.м. муниципалдык менчиктеги жер тилкесин аукционго коюууга макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Шамалды-Сай айылынын Келечек көчөсүндөгү 1000 кв.м. муниципалдык менчиктеги жер тилкесин аукционго коюууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылынын Келечек көчөсүндөгү 1000 кв.м. жер тилкесин аукцион аркылуу сатууга коюуу үчүн тиешелүү чечим кабыл алып берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн Шамалды-Сай айылынын Келечек көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 1000,0 кв.м жер тилкесин аукцион аркылуу коммерциялык багытта менчике сатууга коюууга макулдук берилсин.
3.Муниципалдык менчиктеги 1000,0 кв.м. жер тилкесин аукцион аркылуу коммерциялык багытта менчике сатууга коюууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Мыйзамына ылайык юридикалык иш кагаздарынын аткарылышын камсыз кылуу жагы муниципалдык менчиктеги жер аянтын сатуу же ижаралоо максатында аукцион өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссияга жана айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
5.Көзөмөлдөө экономика бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маматаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |