САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги II сессиясы
2024-жылдын апрель айынын 8и №7
«Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиялардын сандык курамын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине ылайык жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2024- жылдын апрель айынын 8и №2 протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- СадырАке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төмөндөгү туруктуу комиссиялардын сандык курамы бекитилсин:
- “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чыккан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалар байланыштар боюнча туруктуу комиссия” курамы 11 депутат;
- “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссия” курамы 11 депутат;
- “Калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссия” курамы 11 депутат;
- “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм жанан жаштар саясаты, уюштуруу иштери, жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссия” курамы 11 депутат;
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө жана орун басарларыма калтырам.
Төрайым А.С. Бараканова
Жиберилди- Иш кагаздарына-1, Обл. Юстиция -2