Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №38/7
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин кээ бир беренелердеги каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө.
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Султаналиева, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиси А. Расахан уулунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат :
1.Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин бала-бакча раздельинин 22211100 статьясындагы 850,0 миң сом акча каражатынан учурдагы зарылчылыкка байланыштуу, 150 000 сом Орток айылындагы “Орток-Шамы” бала бакчасына “комфорка-духовка” алууга 311222290 статьясына которулсун, 100 000 сом Кызыл-Дөбө айылынын Эсенбек уулу Аскар көчөсүндөгү электр карагай, чубалгыларын алмаштырууга Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 100 000 сом Кызыл-Дөбө айылынын түндүк тарабындагы жаңы конушуна жана “Кармоцех” участкасындагы турак үйлөргө электр трансформатор орнотуу, зым карагай тартуу боюнча Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 100 000 сом Ак-Талаа айылынын Молдо Рысбек көчөсүндөгү электр карагай, чубалгыларын алмаштырууга Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 100 000 сом Ак-Талаа айылынын мектебине спорттук инвентарларды алууга Нарын облустук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31123250 статьясына которулсун, 50 000 сом аппаратка компьютер жабдыктарын алуу үчүн 31123230 статьясына которулсун, 100 000 сом Орток айылындагы мектептин трансформаторун алмаштыруу боюнча Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31113290 статьясына которулсун, 100 000 сом Комсомол айылынын бала бакчасына жылуулук киргизүү боюнча Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго 31122290 статьясына которулсун.
Ошондой эле 2024-жылдагы бюджетинин бала-бакча раздельинин 22154900 статьясындагы 860,8 миң сом акча каражатынан учурдагы зарылчылыкка байланыштуу, 250 000 сом бала бакчалардын тамак ашына 22181100 статьясына которулсун, 556 800 сом аппараттын аркандай чыгым 22154900 статьясына которулсун.
Таблица түрүндө төмөндөгүдөй көрсөтүлсүн.
№ | Раздель | Сумма миң сом | |
| Бала бакча |
|
|
1 | 2215 |
| -860,8 |
2 | 2218 |
| 250,0 |
3 | 2221 |
| -850 |
| Аппарат |
|
|
1 | 2215 |
| 610,8 |
2 | 3111 |
| 500,0 |
3 | 3112 |
| 550,0 |
2. Акча каражаттарын эсептеп беренелерге которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы – башкы эсепчиси А. Расахан уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жана өз максатында жумшоо жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын тиешелүү беренелерге коюп берүү жагы КР финансы министирлигинин Кочкор финансы башкармалыгынан суралсын.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|