Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/1
Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылындагы 2511 контурунда жайгашкан 1 (бир) га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылындагы 2511 контурунда жайгашкан 1 (бир) га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жөнүндө Орто-Саз айылынын айыл башчысынын баяндамасын угуп, жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылындагы 2511 контурунда жайгашкан 1 (бир) га жер аянтын СТКУнун Т.Акунов атындагы Нарын автомектебине авто аянтча куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу ижарага берилсин.
2. Мыйзам чегинде келишим түзүү жана документтик иш кагаздарын даярдоо жагы Чет-Нура айыл аймагынын жер адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы
А.Океновго тапшырылсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |