Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-сентябры №39/1
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы жаңы салынган социалдык шаарчага ысым ыйгаруу жөнүндө.
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовдун кайрылуусунун негизинде, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун” 9-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовдун кайрылуусунун
негизинде Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы жаңы салынган социалдык шаарчага, СССР учурундагы көптөгөн грамоталардын, төш белгилердин ээси, “Айылдын ардактуу атуулу”, Кочкор районунун “Ардактуу атуулу”, Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” Мантыш айылынын тургуну Алмазбеков Кемелбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Каттоодон өткөрүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын, токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |
|
|