Редакцияот 18.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КАРА- СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (АЛТЫНЧЫ ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ

 

2013-жылдын 18-ноябры № 5/16

“Кара-Суу шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жѳнγнγндѳ”

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳгγ» Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу максатында Кара-Суу шаардык кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «ченемдик укуктук актылары жѳнγндѳгγ» №241 Мыйзамынын 26-берененин 1-1 пунктунун негизинде Кара-Суу шаардык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Кара-Суу шаардык кенешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизγγ Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кара-Суу шаардык кенештин жооптуу катчысы Н.Кочкорбаеве тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы:

Р.Х. Хатамов