Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз LIV - сессиясынын
2024-жылынын 27-августу №54/1
“Көк-Жаңгак шаар аймагындагы жер тилкелерин
муниципалдык менчик реестринен чыгаруу, алуу жөнүндө”
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин 22.08.2024 жылдагы 1-08/35 кайрылуусун негизинде Ынтымак участкасындагы 0,74га жер аянтын муниципалдык менчик реестринен чыгаруу жана Шерматов көчөсүндөгү жайгашкан 1735,0 кв.метр жер аянтын муниципалдык менчике алуу боюнча карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз LIV сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Ынтымак участкасындагы 0,74га жер аянтын муниципалдык менчик реестринен чыгарылып, турак жай куруу учун кезекте турган жарандарга шаардык мэрия тарабынан бөлүп берүугө макулдук берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Шерматов көчөсүндөгү жайгашкан 1735,0 кв. жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчиктен чыгаруу жана киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |