Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/2
Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылынын 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө.
Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылынын 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө Орто-Саз айылынын элдик токтомун талкуулап жана Орто-Саз айылынын айыл башчысы Ж.Жайлообаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылынын 100 жылдыгы 2024-жылдын 4-октябрь күнү белгиленсин.
2. Орто-Саз айылынын 100 жылдык маарекесине даярдык көрүү жана тиешелүү иш чаралардын планын иштеп чыгуу, бекиттирүү жагы Орто-Саз айылынын айыл башчысы Ж.Жайлообаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |