Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын “23” 09 № 569-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол
коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия
турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө
келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
протоколго Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
корутундусу
2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (мындая ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Буга чейин Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан жактырылган.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Кеңеши, ошондой эле катышуучу мамлекеттер болуп саналган Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Армения Республикасы тарабынан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча эл аралык финансылык уюмга өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча финансылык институт (донор) катары бөлүү Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатка, атап айтканда, энергетика, транспорт, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, ирригация билим берүү жана өлкөнүн экономикасынын башка секторлорундагы мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууга жагымдуу таасирин тийгизет, бул өз кезегинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу долбоорлор боюнча инвестициялык портфелдин көбөйүшүнө да таасирин тийгизет.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча эл аралык финансылык уюм катары бөлүү инвестициялык жана гранттык долбоорлорду ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга да таасирин тийгизет, анткени сатып алуулардын стратегиясын, саясатын жана финансылык башкарууну, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо эрежелерин регламенттөөчү документтер кабыл алынат.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өнүктүрүү институту статусуна ээ болушу Кыргыз Республикасынын социалдык секторуна жана мамлекеттик башкаруу секторуна гранттык жана техникалык жардамдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине ратификациялоого киргизилет.
Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.