Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/3
Чет-Нура айыл аймагынын айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарынын зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарынын зоналдык коэфициентинин өлчөмүн көтөрүп бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарынын зоналдык коэфициентинин өлчөмү 1 ченден 1,3 ченге көтөрүлүп бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аямагында айыл чарба эмес багытындагы жер янттарынын көтөрүлүп бекитилген зоналдык коэфициенти менен иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |