Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/4
Чет-Нура айыл аймагындагы Төш-Булак айылынын сугат суу үчүн курулган насостук станциясына тиешелүү жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагындагы Төш-Булак айылынын сугат суу үчүн курулган насостук станциясына тиешелүү жер аянтын бекитип берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагындагы Төш-Булак айылынын сугат суу үчүн курулган насостук станциясын тазалоо, оңдоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу максатында узуну 3 км 600 м, туурасы 14 м, же болбосо 50400 чарчы м, жалпы аянты 5,4 га өлчөмүндөгү жер аянтын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде документтик иш кагаздарын даярдоо жагы Чет-Нура айыл аймагынын жер адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |