Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXV сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 25/6
Чет-Нура айыл аймагынын жайытка өтүп кеткен 1662 га кайрак айдоо жер аянтын кайра кайрак айдоо жер аянтына которууга макулдук берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-ноябрындагы “Айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө” №690 токтому менен жайытка өтүп кеткен 1662 га кайрак айдоо жер аянтын кайра жайыттан кайрак айдоо жер аянтына которуу жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXV сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-ноябрындагы “Айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө” №690 токтому менен жайытка өтүп кеткен 1662 га кайрак айдоо жер аянтын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу, трансформациялоо” жөнүндө №145 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №169 токтому менен бекитилген “жер участогун которуу” жөнүндө убактылуу жобого ылайык иш алынып барууга Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинен макулдук берилсин.
2. Тиешелүү жака сунуштарды даярдап жөнөтүү жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырамын.
Төрага |
М. Өмүрбеков |