Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 574-т тескемесине ылайык) |
Кыргыз Республикасмнын Министрлер Кабинети
менен Кытай Эл Реслубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кыргыз-кытай достугунун көнүрөсүн куруу жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Реслубликасынын Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга болгон суроо-талапты канааттандыруу, теңдик принциптеринин жана консультациялардын, ошондой эле өз ара пайданын негизинде достук кызматташтыкты жана алмашууларды өңүктүрүү максатында Тараптар кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн биргелешип куруу жөнүндө ушул макулдашууну макулдашты жана төмөнкүлөр жөнүндө түзүштү:
I берене. Негизги жоболор
1. Көпүренүн жайгашкан жери
Көпүрөнүн кыргыз тараптан жайгашкан жери: Ош - Сары-Таш -Эркечтам автожолундагы Эркечтам чек ара пункту, Алай району, Ош облусу.
Көпүрөнүн кытай таралтан жайгашкан жери: Эркечтам чек ара өтмөгү, Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунун Уця уезди, Синьцзян-Уйгур автономиялуу району.
Сол көпүрөнүн борборунун координаторы: 407702.4273, 4396144.3638
Оң көпүрөнүн борборунун координаттары: 407699.0458, 4396158.1717
Координаттар Кытай Эл Республикасынын Улуттук картографиялык тармагына ылайык аныкталган (CGCS2000 координаттар системасы, борбордук меридиандын узундугу 750).
2. Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын компетенттүү органдары:
кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
кытай тараптан - Кытай Эл Республикасынын Транспорт министрлиги.
3. Көпүрөнү куруу долбоорун ишке ашырууга жооптуу аткаруучу орган: долбоор Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик өкмөтү тарабынан уюштурулат жана ишке ашырылат, ал эми курулуш уюму болуп - Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунун Элдик өкмөтү эсептелет.
4. Өздөрүнүн тиешелүү аймактарында көпүрөнү куруу долбоорун тейлөө жана башкаруу үчүн жооптуу болгон Тараптардын аткаруучу органдары:
кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти;
кытай тараптан - Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу округунун Элдик өкмөтү.
II берене. Куруу, эксплуатациялоо жана башкаруу принциптери
1. Көпүрөнү куруу көпүрөнүн аймагында агымдын багытын өзгөртүүгө жана суу агымынын тарышына алып келбеши, дарыянын нугуна жана жээгине таасир этпеши, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын учурдагы өтүшүн өзгөртүүгө, эки жээкте курулган туруктуу курулуштардын коопсуздугуна, суу ташкындарына жана дарыянын нугунун экологиялык чөйрөсүнө таасир этпеши керек.
2. Көпүрө кытай тарабынан курулат жана долбоор тапшырылгандан кийин (курулуш аяктагандан кийин) Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылган бардык иштер Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилет. Тараптар көпүрөнүн курулушу аяктагандан кийин аны эки тарап тең башкаруу жана тейлөө үчүн демаркациялык сызык катары чек ара аркылуу көпүрөнүн негизги аралыгынын огуна перпендикулярдуу болгон нивелирлөө сызыгын кабыл алат, аны эки тарап тең мамлекеттик чек аранын иш жүзүндөгү абалын аныктоо үчүн негиз катары колдонбойт. Тараптар көпүрөнүн өз бөлүгүн оңдоону, тейлөөнү жана башкарууну ишке ашырат, көпүрөнүн кадимки жана коопсуз иштешин биргелешип камсыз кылат. Көпүрөнү оңдоо жана тейлөө процессинде адамдардын жана транспорт каражаттарынын кадимки кыймылына таасир этпөө үчүн Тараптар бири-бирине көпүрөнүн бөлүгүн оңдоо жана тейлөө пландары, мөөнөттөрү жана объекттери жөнүндө алдын ала маалымдашы керек.
3. Тараптар өз аймагында көпүрөнү куруу долбооруна байланышкан формалдуулуктарды аткарууга жооптуу жана тиешелүү иш-аракеттерди аткарууда бири-бири менен кызматташат.
III берене. Курулуштун масштабы
Көпүрөнү куруу боюнча долбоордун жалпы узундугу 3,445 км, бир көпүрөнү кошкондо, көпүрөнүн узундугу 187 метрди түзөт, анын ичинде: Кытай Эл Республикасынын аймагында 1,905 км жана Кыргыз Республикасынын аймагында 1,540 км. Автожол кытайдын I классындагы автомобиль жолунун стандартынын негизинде курулат, эки багытта тең төрт тилке бар жана жолдун туурасы 24,5 метрди түзөт.
IV берене. Долбоорлоо, көзөмөлдөө жана куруу
1. Тараптар көпүрөнү долбоорлоо, сапатын контролдоо жана куруу үчүн кытай тарап жооп берет, ал эми кытай жана кыргыз тараптардын компетенттүү органдары долбоордук документтерди биргелешип бекитет, көпүрөнүн долбоорунун сапатын контролдоону жана курууну ишке ашырат деп макулдашты.
2. Көпүрөнүн курулушунун башталышына карата курулуш уюмунун долбоордук чечимдери эки Тарап тарабынан макулдашылууга тийиш.
3. Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын аймактарында көпүрөнүн долбоорун курууга катышкан кызматкерлер үчүн визанын тиешелүү түрлөрүн берүүгө көмөктөшөт.
4. Көпүрөнү куруу долбоорунун алкагында иштеген персонал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими тууралуу макулдашууда каралган жарактуу документтер боюнча көпүрөнү куруу зонасына өз тарабынан кирүүсү жана курулуш зонасынан экинчи тараптан чыгуусу тийиш.
Көпүрөнүн курулушу башталганга чейин Тараптар эки Тараптын тиешелүү органдарына персоналдын (персоналдын санын, анын жеке идентификациялык маалыматтарын жана кирүү жана чыгуу документтерин көрсөтүү менен), көпүрөнүн курулушу үчүн зарыл болгон машиналардын жана жабдуулардын тизмелерин, ошондой эле транспорт каражаттарынын жана материалдардын тизмелерин берет.
5. Көпүрөнү куруу мезгилинде эки Тараптын жергиликтүү бийлик органдары жана аткаруу органдары курулуш иштеринин зонасынын периметри боюнча физикалык изоляторлорду орнотууга тийиш, ал эми курулуш иштеринин зонасына кирүүчү жана чыгуучу персоналга, машиналарга жана жабдууларга, ошондой эле транспорт каражаттарына эки Тараптын иммиграциялык, чек ара жана бажы кызматтарынын ортосунда макулдашылган таануу белгилери илиниши же тагылышы керек.
6. Көпүрө курулуп жаткан убакта курулуш зонасына тыюу салынган предметтерди алып кирүүгө тыюу салынат, ал эми бир Тараптын персоналы курулуш зонасында иштеп жаткан жана болгон убакта экинчи Тараптын мыйзамдарын сактоого тийиш. Курулуш зонасында мыйзамсыз жосун жасалган учурда ал жасалган жердин компетенттүү органдары өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык юрисдикцияга ээ болот.
7. Көпүрөнү куруу процессинде ташып келинүүчү кытай персоналынын курулуш материалдары, атайын жабдуулары, материалдык, транспорттук каражаттары, курулуш техникасы жана тиричилик материалдары бажы алымдарынан жана башка бардык салыктардан бошотулат. Кытай персоналы Кыргызстанда иштеген мезгилде жеке киреше салыгынан бошотулат, ЕРС кытай ишканалары Кыргызстанда юридикалык жактардан алынуучу салыктардан ж.б. бошотулат.
8. Көпүрөнү куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап:
(1) курулушка жер участогун берет;
(2) аралаштыруу үчүн материалдарды (шагыл, майдаланган таш, кум) берет;
(3) автомобиль жолун жана көпүрөнү куруу үчүн зарыл болгон курулуш же башка техниканы Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз ташып келүүнү же андан ташып чыгууну камсыз кылат;
(4) автомобиль жолун куруу аймагынын тазалыгын камсыз кылат (байланыш имараттарын жана курулмаларын бузуу жана реконструкциялоо);
(5) убактылуу имараттарды жайгаштыруу үчүн аянтча (курулуш материалдарын, жабдууларды ж.б. сактоо үчүн кампа жайларын) берет;
(6) Тараптардын жумушчулары курулуш жеринде иштеп жаткан убакта алардын өмүрүн жана мүлкүн коргоо үчун коопсуздуктун зарыл болгон денгээлин камсыз кылат, зарыл чыгымдарды тартат. Кыргызстанда Тараптардын кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч жараткан форс-мажордук же башка жагдайлар келип чыккан учурда, кыргыз тарап Тараптардын жумушчуларын коопсуз зонага эвакуациялоого чейин зарыл болгон коргоону камсыз кылууга тийиш.
V берене. Курулушка кеткен чыгымдар
1. Көпүрөнү куруу долбоорунун кытай бөлүгү кытай тарап тарабынан каржыланат жана курулат.
2. Көпүрөнү кыргыз белүгүнүн курулушу кытай тарап тарабынан (Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району) акысыз негизде каржыланат жана генералдык подряддын шарттарында ишке ашырылат.
3. Көпүрөнүн кыргыз бөлүгүнүн курулушу аяктагандан жана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгенден кийин кыргыз тарап андан кийинки тейлөө жана башкаруу чыгымдарын өзүнө алат.
VI берене. Консультация жана макулдашуу
Эки өлкөнүн курулуш жана техникалык стандарттары менен эрежелериндеги айырмачылыктарды эске алуу менен, Тараптар көпүрөнүн долбоорун долбоорлоо жана куруу үчүн негиз катары кытайдын техникалык стандарттарын колдонууну макулдашты. Жолду жана көпүрөнү долбоорлоо кытай тарабынан ишке ашырылат. Жолду жана көпүрөнү долбоорлоо аяктагандан кийин кытай тарап кыргыз тарапка кароо, бекитүү жана толуктап иштеп чыгуу үчүн долбоордук документтерди берет.
VII берене. Эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана башкаруу
1. Долбоор аяктагандан кийин кытай тарап кыргыз тарапка долбоордун аяктагандыгы жөнүндө документтерди берет, ал кыргыз тараптын компетенттүү органы тарабынан эксплуатациялоого жана башкарууга берилет.
2. Көпүрөнү эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана башкаруу тартиби жана ага байланыштуу маселелер ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 4-пунктунда аталган Тараптардын аткаруу органдары тарабынан өзүнчө макулдашылат.
VIII берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана аткарууга байланыштуу келип чыккан кандай болбосун талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда достук сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
IX берене. Күчүнө кириши жана колдонуу мөөнөтү
1. Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлайт, ал акыркы кабарлоо алынган датадан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу беш жыл колдонулат жана эгерде анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай мурун Тараптардын бири да ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлабаса кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
3. Бул Макулдашуу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Кандай болбосун өзгөртүү же толуктоо өзүнчө Протокол менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
4, Бул Макулдашууга 2024-жылдын "_" ______ кытай, кыргыз жана орус тилдериндеги эки аутенттүү нускада кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |