Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2024-жылдын 19-июну № 17
“Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу”
наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргызстан айыл Кенешинин депутаттары кезексиз сессиясындагы депутаттардын сунушуна ылайык, Кыргызстан айылдык кеӊеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айылынын тургуну Нурабаев Уланбек Аскарбекович Кыргызстан айыл айылынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.“Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Белековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М. Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага |
| К.Оморов |