Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2024-жылдын 22-июлу № 18
Таштандылардын ставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктун (жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо) жетекчиликке алып, таштандылар үчүн төлөнүүчү салык өлчөмүн бекитүү максатында Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылдык аймагында жайгашкан бардык (менчиктин түрүнө карабастан) мекеме-уюмдарга, ишкана-офис, дүкөн-ашкана, соода түйүндөрүнө жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларга ай сайын 200 (эки жүз) сом, Кыргызстан айылдык аймагына караштуу калктуу конуштарда жашаган ар бир түтүнгө айына 50 (элүү) сом, тойканалар үчүн той өткөргөн күндөрү 500 (беш) сомдон жергиликтүү салык өлчөмү чегерилсин.
2. Кыргызстан айыл аймагында иштелип чыккан жобого ылайык чегерилген акча каражаты төлөнсүн.
3. Таштандыларды чыгарып, тазалап туруу үчүн түшкөн салык жыйымдарынын багыттуу пайдалануусуна көзөмөл кылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кыргызстан айылдык кеңешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Оморов |