Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2024-жылдын 22-июлу № 19
«Сатыбалды кызы Байыскан» бала бакчасынын
штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргызстан айылдык кеңешинин депутаттары «Сатыбалды кызы Байыскан» бала бакчага 3 тайпа ачуу боюнча талкуулашып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сатыбалды кызы Байыскан» бала бакчасы 3 тайпадан түзүлсүн, ар бир тайпада 22 (жыйырма эки) баладан бекитилсин,жалпысы 65 алтымыш беш) бала менен толукталсын.
2. Манас райондук билим берүү башкармалыгынан штаттык бирдик суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеӊешинин бюджет-экономика тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Оморов |