Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2024-жылдын 22-июлу № 24
Калдык акча каражаты жөнүндө
Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-КК) долбоорунун алкагында Май айылына этти кайра иштетүүчү цехине жабдуларды алууда 2024-жылдын 7-февралындагы № 60 токтомунда көрсөтүлгөн акча каражаты жетишсиз болуп калгандыгына байланыштууКыргызстан айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылына этти кайра иштетүүчү цехине жабдуларды алууда көрсөтүлгөн акча каражаты жетишсиз болуп калгандыктан 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен 6110 (алты миӊ бир жүз он) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Белековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеӊешинин бюджет-экономика тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Оморов |