Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2024-жылдын 22-августу № 28
Кыргызстан айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук
алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргызстан айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргызстан айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставы бекитилсин.
2. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган сон,Талас областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Аксакалдар сотунун төрагасы Б.Турсуновго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Оморов |