Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 560-т тескемеси менен жактырылган) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык
талаптардан бошотуу жөнүндө
макулдашуу
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кипр Республикасынын Өкмөтү,
эки тараптуу мамилелерин бекемдөөнү каалап,
өз ара принцибине ылайык дипломаттык паспорттордун ээлери болгон өз жарандарынын мобилдүүлүк процессин жеңилдетүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
1. Тараптардын биринин жарактуу улуттук дипломаттык паспорттордун ээлери болгон жарандары экинчи Тараптын аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана жүрүү үчүн визалык талаптардан жарактуу дипломаттык паспортту көрсөтүү менен алар кирген күндөн тартып 180 (жүз сексен) күн мезгил ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат.
2. Тараптардын биринин жарактуу улуттук дипломаттык паспорттору бар, дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктүн кызматкерлери болуп саналган жарандары экинчи мамлекеттин аймагына визасыз кире алышат жана ал жерде өз милдеттерин аткаруу мөөнөтүнүн ичинде жүрө алышат. Жөнөтүүчү мамлекет кабыл алуучу мамлекетке жогоруда аталган адамдардын дайындалгандыгы жана функциялары жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кеминде отуз (30) күн мурда кабарлайт. Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын алар менен чогуу жашаган жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн паспорттору бар үй-бүлө мүчөлөрү алар расмий түрдө аккредиттелген шартта жогоруда аталган адамдын миссиясынын мөөнөтүнүн ичинде экинчи Тараптын аймагына визасыз кире алышат, чыга алышат, транзит менен өтө алышат жана жүрө алышат.
2-берене
1. Тараптардын биринин экинчи Тараптын мамлекетине кирип жаткан жарандары 1-берененин жоболоруна ылайык ушул мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын жана алар катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди сактоого, ошондой эле ал жерде жүргөн мезгилде алар эки мамлекеттин тең аймагында белгиленген эрежелерди жана тартипти карманууга тийиш.
2. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар экинчи Тараптын аймагына эл аралык кыймыл үчүн ачылган, ошол Тарап белгилеген бардык чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу кире алышат, андан чыга алышат же ал аркылуу транзит менен өтө алышат.
3-берене
Тараптар расмий иш сапар менен келе турган жарандар тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу алар мамлекеттердин ар бирине келгенге чейин маалымдашат.
4-берене
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин жоболоруна ылайык мамлекеттердин ар биринин экинчи мамлекеттин аймагына кирип жаткан жарандарына, эгерде бул кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык келбесе, алар ал жерде жүргөн убакта жеке ишкердик иш болобу же ар кандай башка жеке ишкердик иш болобу кандайдыр бир эмгектик иш менен алектенүүгө уруксат берилбейт.
5-берене
1. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу өздөрүнүн дипломаттык паспортторунун жаңы же өзгөртүлгөн формалары менен алмашат. Ар бир Тарап экинчи Тарапка мындай паспорттордун формасына жана берүү же пайдалануу шарттарына тиешелүү ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө мүмкүн болушунча өзгөртүүлөр киргизилген датага чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбестен маалымдайт жана бул паспорттордун кайсынысы болбосун уурдалган, жоголгон же жокко чыгарылган ар кандай учурлар жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу тез билдирүүгө тийиш.
2. Тараптар ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган паспортторунун үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен бири-бирине жиберет.
6-берене
Тараптар өз ара алмашкан маалыматтар жана документтер Макулдашууга ылайык аныкталган максаттарда гана колдонулушун камсыз кылууга тийиш. Мындай маалымат жана документтер кызыкдар Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз кандайдыр бир үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн эмес.
7-берене
Тараптардын ар бири мамлекеттик коопсуздук, коомдук тартип же саламаттык сактоо жүйөлөрү боюнча экинчи Тараптын жарандарынын өз аймагына кирүүсүнөн же ал жерде жүрүүсүнөн баш тартуу укугун, ошондой эле кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык мындай адамдардын жүрүүсүн кыскартуу же токтотуу укугун өзүнө калтырат.
8-берене
Ар бир Тарап мамлекеттик коопсуздук, коомдук тартип же саламаттык сактоо жүйөлөрү боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу, толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу. Мында Тараптардын бири Макулдашуунун колдонулушун токтотуп туруу ниети жөнүндө экинчи Тарапка ал күчүнө киргенге чейин жетимиш эки (72) сааттан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө алдын ала билдирүүгө тийиш. Эгерде Макулдашуунун колдонулушун токтотуп турууга алып келген себептер жоюлса же анын колдонулушун токтотуп туруу жокко чыгарылса, эки Тарап тең бул тууралуу бири-бирине токтоосуз түрдө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлоого тийиш.
9-берене
1. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жана зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду сактоо менен ушул Макулдашууга анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
2. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же аткаруу боюнча алардын ортосунда келип чыгуучу ар кандай талаш-тартыштарды алардын жалпы кызыкчылыктарын канааттандыруу максатында дипломатиялык каналдар боюнча консультацияларды жүргүзүү аркылуу жана достук маанайда чечишет. Тараптардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыш кандайдыр бир сот, бийлик органы же башка түзүм аркылуу жөнгө салууга берилиши мүмкүн эмес.
3. Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын ортосундагы акыркы өз ара билдирүүнүн датасынан тартып күчүнө кирет, мындай билдирүү анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аякталгандыгын тастыктайт.
4. Ушул Макулдашуу беш жылдын ичинде колдонулат жана эгерде Тараптардын бири да Макулдашуунун колдонулушун токтотуу же узартпоо ниети жөнүндө анын жарактуу датасы бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтпөсө, кезектеги мезгилге же ушул сыяктуу ырааттуу мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
10-берене
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын эл аралык укуктарына жана милдеттенмелерине, анын ичинде Кипр Республикасына карата чектелбестен, Европа бирлигинин мыйзамдарынан келип чыгуучу укуктарга жана милдеттенмелерге жана эки Тарапка карата 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынан жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынан келип чыгуучу эл аралык укуктарга жана милдеттенмелерге зыян келтирбейт.
Ушуну ырастоо үчүн кол коюуга өздөрүнүн тиешелүү өкмөттөрү тарабынан талаптагыдай ыйгарым укук берилген төмөндөгү кол коюучулар ушул Макулдашууга кол коюшту.
202___-жылдын "____" ______________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, грек, англис жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Кипр Республикасынын Өкмөтү үчүн |