Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2024-жылдын 22-августу № 30
Май айылындагы муниципалдык менчикти - этти кайра иштетуу цехинин жабдууларын ижарага берүү жана пайдалануу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы № 05-592 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргызстан айылдык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймагынын Май айылында Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Май айылына этти кайра иштетуу цехи уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы № 05-592 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү Жобо 8 -бөлүм менен толукталып бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ташырылсын.
Төрага |
| К.Оморов |