Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 33
Үч-Эмчек айылынын Сары-Булак өзөнүнөн түшкөн селдин кесепетин жоюу боюнча Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 24-июну күнү болуп өткөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу “Үч-Эмчек айылынын Сары-Булак өзөнүнөн түшкөн селдин кесепетин жоюу” долбоорун Талас өнүктүрүү фондусуна өткөрүүгө макулдукберүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып,кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылынын Сары-Булак өзөнүнөн түшкөн селдин кесепетин жоюу боюнча Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор даярдалып, тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |