Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 34
Эркин каражат эсебинен айыл өкмөтүнүн ички муктаждыктарына акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн ички муктаждыктары боюнча бюджеттик комиссия тарабынан түзүлгөн долбоорду карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл өкмөтүнүн ички муктаждыктарына жергиликтүү бюджеттеги эркин каражат эсебинен 10000,0 (он млн) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн ички муктаждыктарына бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан сунушталган долбоору бюджеттик комиссиянын отурумунда талкууланып, кийинки сессияга сунушталсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |