Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 35
Айылдык кеңештин төрагасын кызматтык иш-сапарга жиберүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылындагы “Андаш” кени тууралуу чыккан токтомдордун мыйзамдуулугун тактоо боюнча депутаттардын сунуш пикирлери угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарынын көйгөйлүү маселелерин, айылдык кеңештин сессиясынын протоколдук тапшырмасын чечүүгө Айылдык Кеңештин төрагасынын тиешелүү жерлерге барып тактоосу үчүн иш сапарына ж.б ар кандай чыгымдарына керектелүүчү 5500 (беш миң беш жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен КР мыйзамдарынын талаптарында көрсөтүлгөн тартипте төлөнүп берилсин.
2. Буйруктун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын
Төрага |
| Ф. К. Токушев |