Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 36
Күйүүчү майга керектүү акча каражаттын бөлүү жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн жер адисинин КР Президентинин “Жер Мунапысы” боюнча Жарлыгын аткарууга алууда айылдарды кыдырып жер тилкелери боюнча маселелерди жана айыл тургундарынын арыз даттануулары боюнча жеринде чечүү боюнча түзүлгөн комиссиялардын автоунаасына керектелүүчү күйүүчү майга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү арыздарды карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн убактылуу комиссиялардын айылдарды кыдырып айыл тургундарынын арыз - даттанууларын жеринде чечүүгө автоунаанын күйүүчү майына керектелүүчү 50,0(элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |