Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 37
Каракол айылдык кеңешинин 2024-жылдын II- жарым жылдыгына белгиленген иш-планын бекитүү жөнүндө
Каракол айылдык кеңешинин 2024-жылдын II- жарым жылдыгына белгиленген иш-планын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айылдык кеңешинин 2024-жылдын II- жарым жылдыгына белгиленген иш-планы алымча кошумчасы жана тармактык туруктуу комиссиялардын жетекчилеринин сунушун эске алуу менен бекитилсин (Иш-план тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышы тармактык туруктуу комиссиялардын башчыларынан суралсын.
3. Аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |
|
| Каракол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 37 токтомуна № 1 тиркеме |
Каракол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын II-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-чаралардын планы
№ | Аткаылуучу иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Эскертүү |
1 | 2024-жылдын бюджетинин 6 айлык аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо | 2024-жылдын июнь айы | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
2. | Каракол айыл аймагына кирген айылдардын 2023-жылга пландалган социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-пландын жана 2023-жылга белгиленген инвестициялык планын аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо.
| 2024-жылдын июнь айы | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
3 | Каракол айыл аймагынын 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-планын жана 2024-жылга белгиленген инвестициялык планын карап чыгуу жана сессияга бекитүүгө сунуштоо
| 2024-жылдын июнь айы | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
4 | Жаңы түзүлгөн “Каракол таза аймак ” МИ элге кызмат көрсөтүүсү жана чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелери | 2024-жылдын август-сентябрь айлары | Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
5 | 2024-жылы башталган долбоорлордун аткарылышы боюнча маалыматты сессияга сунуштоо | 2024-жылдын август-сентябрь айлары | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
6 | Айыл аймагында айыл чарба техникаларынын ээлеринин мал багуучулардын элге кызмат көрсөтүүсүнүн Жалпы Элдик жыйында бекитилген наркы, күзүндө алыскы жайлоолордон көчүп келүү графигинин сакталышы боюнча боюнча МИ тарабынан аткарылган иштер.
| 2024-жылдын август-сентябрь айлары | Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
7 | Соц. контрактын негизинде иш алып барган жөлөк пул алуучулардын долбоорлорунун ишке ашырылышы, кедейчиликтен чыгуунун деңгээлине мониторинг жүргүзүү жана сессияга сунуштоо | 2024-жылдын сентябрь-октябрь айлары | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
8 | Айыл аймагында жөлөк пул алуучулар, көйгөйлүү маселелер, социалдык маселелер боюнча комиссиянын иши боюнча мониторинг жасоо жана сессияга сунуштоо | 2024-жыл ичинде | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
9 | Айыл тургундарынын ирригация мезгилиндеги көйгөйлүү маселелери боюнча жеринде талдоо иштерин жүргүзүү жана сессияга сунуштоо | 2024-жыл ичинде | Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
10 | 2025-жылга аткарууга белгиленип жаткан долбоорлорду талкуулоо жана сессияга сунуштоо | 2024-жылдын ноябрь-декабрь айлары | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
Жооптуу катчы |
| К.Ибраимова |