Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы
2024-жылдын 19-июлу № 41
Арал айылындагы кичи футбол аянттын кароо үчүн бекитип берүү жөнүндө
Арал айылындагы кичи футбол аянтынын кароосуз калып жаткандыгы жөнүндөгү депутат Б.Сыдыгалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы кичи футбол аянтын кароо ( оюнчуларга футбол аянтын ачып даярдап берүү, кызмат көрсөтүү акысын чогултуп алуу, оюн аяктагандан кийин бекитүү, таштандыдан арылтуу ж.б) жагы айыл тургундары М.Мүсүралиевге жана К.Жумалиевге бекитилип берилсин.
2. Оюн ойногон командаларга кызмат көрсөтүү акысы саатына 150 (жүз элүү) сомдон бекитилсин.
3. Чогулган акча каражаты М.Мүсүралиев менен К.Жумалиевдин кызмат көрсөткөндүгү үчүн эмгек акысы катары каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |