Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 15-июлу № 7
Акназаров айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-июлундагы кезексиз 2-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун сунушун угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылынын МТФнын жанындагы №442 контурда жайгашкан Шабданов Айдарбек пайдаланып жүргөн скважина, Токтосун көчөсүндө Э.Капалов орто мектебинин жанындагы №472 контурда жайгашкан скважина, Касымбай көчөсүндө Бокошов Тутундун огородунун башында №465 контурда жайгашкан скважина жана Касымбай көчөсүндө чоң мечиттин жанында №427 контурда жайгашкан скважина, бардыгы 4 скважина Акназаров айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Баланска алуу иши Акназаров айыл өкмөтүнүн жер, жайыт маселелери боюнча адиси Р.Көчөровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К. Жорготаев |