Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 15-июлу № 8
Урмарал айылындагы ФАПка ысым ыйгаруу жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-июлундагы кезексиз 2-сессиясы Урмарал айылынын тургуну Мамадалиева Насипанын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн карамагындагы Урмарал айылынын тургуну Н.Мамадалиеванын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Урмарал айылындагы ФАПка Алибиев Надырбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү аталган мекеменин 2024-жылдын 10-июлундагы чечими бекитилсин.
3. Токтомдун нускалары Бакай-Ата райондук администрациясына жана Бакай-Ата жалпы дарыгерлик практикалык борборуна жиберилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо Министрлигине сунушталсын.
5. Маркум Алибиев Надырбектин уй-бүлөсү ФАПтын иш чараларына жардам көрсөтүшсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Назаралиевге жүктөлсүн.
7. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К. Жорготаев |