Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык Кеңешинин 32-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 15-июлу № 9
2022-жылдын 29-мартындагы айыл чарба жерлеринин
мамлекеттик фондунун жерлерин аукционго коюу же ушул убакка
чейин колдонуп жүргөн дыйкандарга мөнөөтүн узартып берүүнү
кароо жөнүндөгү токтомунун мөнөөтүн узартып берүү жөнүндө
Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-июлундагы кезексиз 2-сессиясы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун кайрылуусун угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукционго коюу же ушул убакка чейин колдонуп жүргөн дыйкандарга мөнөөтүн узартып берүүнү кароо жөнүндөгү 2022-жылдын 29-мартындагы токтомунун мөнөөтү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К. Жорготаев |