Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023 -жылдын 11-февралы № 11
Мектеп окуучулары жана мугалимдери жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы айыл аймагындагы мектептердин окуучуларынын предметтик олимпиадаларга катышуусу боюнча каралган маселени талкуулап,тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылы мектеп окуучулары предметтик олимпиадаларга катышып байгелүү орундарды камсыз кылууда ар бир окуучуга,райондук олимпиададан байгелүү орунду камсыздап, облуска чыкса 5 (беш) миң сом акча сыйлык катары даярдаган мугалимине кошо,облустук олимпиададан байгелүү орунду камсыздап республикага чыкса 7 (жети) миң сомдон акча, даярдаган мугалимине кошо сыйлык катары белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мотуев |