Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз V сессиясы
2024-жылдын апрель айынын 22си №15
«Садыр Аке айыл аймагынын схематикалык картасын бекитүү
жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын айыл аймактардын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргөзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер русурстары, кадастр, геодезия жана картография «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Садыр Аке айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагынын административдик чек арасынын
схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрайымына жана
Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схематикалык картага кол коюу тапшырылсын.
1. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт
башчысы Н. Молдокматовго жүктөлсүн.
.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрайым А.С. Бараканова