Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-сентябры № 558-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Албания Республикасынын Министрлер Кеңешинин ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Албания Республикасынын Министрлер Кеңешинин ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Албания Республикасынын Министрлер Кеңеши,
достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү ниетин эске алып,
жарактуу дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды колдонбостон, эки Тараптын тең кызмат адамдарынын иш сапарлары менен алмашууларды илгерилетүүгө, жеңилдетүүгө жана шыктандырууга умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Бир Тараптын мамлекетинин жарактуу дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери болгон жарандары, алар кабыл алуучу мамлекетте акы төлөнүүчү иш менен алектенбеген, ал эми алардын дипломаттык жана кызматтык паспорттору алардын кабыл алуучу мамлекеттин аймагынан чыгып кетүүгө болжолдонгон датадан кийин 3 (үч) айдан кем эмес убакыттын ичинде жарактуу болгон шартта башка Тараптын мамлекетинин (мындан ары "кабыл алуучу мамлекет" деп аталат) аймагына кирүү, жүрүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан алар кирген датадан тартып каалаган 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат.
2. Бир Тараптын мамлекетинин дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери болгон жана экинчи Тараптын аймагында жайгашкан дипломатиялык миссиялардын же консулдук мекемелердин мүчөлөрү же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катары дайындалган жарандары, анын ичинде алардын үй-бүлө мүчөлөрү аккредитация алуу үчүн кабыл алуучу мамлекеттин аймагына кирүүгө чейин тийиштүү виза алууга тийиш.
2-берене.
1. Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуучу мамлекеттин чек арасындагы эл аралык жүргүнчүлөр каттамы үчүн багытталган чек ара өткөрүү пункттары аркылуу гана жана кабыл алуучу мамлекеттин аймагында колдонулуучу бардык укуктук талаптарды сактаган шартта кабыл алуучу мамлекеттин аймагына кирүүгө жана аймагынан чыгууга тийиш.
2. Тараптар чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн жана жүрүүсүн жөнгө салуучу мыйзамдарындагы кандай болбосун өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине тез арада маалымдашат.
3-берене.
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн, ылайыксыз же улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же коомдук саламаттык сактоого коркунуч келтириши мүмкүн деп эсептелген адамдардын өз мамлекетинин аймагына кирүүсүнөн баш тартуу, жүрүүсүн кыскартуу же токтотуу укугун өзүнө калтырат.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кабыл алуучу мамлекеттин аймагында жүргөн бүткүл мөөнөттүн ичинде кабыл алуучу мамлекеттин аймагындагы колдонуудагы мыйзамдарды жана башка укуктук актыларды сыйлоого жана сактоого тийиш.
5-берене.
1. Ар бир Тарап улуттук коопсуздук, коомдук тартип же коомдук саламаттык сактоо жүйөлөрү боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу, толугу менен же жарым-жартылай токтотуп туруу укугун өзүнө калтырат.
2. Экинчи Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун убактылуу токтотуп туруу же токтотуп турууну жоюу чечими тууралуу жазуу түрүндө дипломатиялык каналдар аркылуу алдын ала кабарланат. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жана токтотуп турууну жоюу экинчи Тарап билдирүүнү алган датадан тартып 30 (отуз) күндөн кеч эмес убакытта күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушунун токтотулушу ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн, кабыл алуучу мамлекеттин аймагында буга чейин эле жүргөн жарандардын укуктарын козгобойт.
6-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрү менен дипломатиялык каналдар аркылуу алмашышат.
2. Жаңы дипломаттык жана кызматтык паспорттор киргизилген же колдонуудагы паспорттор өзгөртүлгөн учурда Тараптар жаңы паспорттор же тийиштүү өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен бул паспорттордун үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине жиберишет.
3. Эгерде ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар өздөрүнүн дипломаттык же кызматтык паспортторун кабыл алуучу мамлекеттин аймагында жоготуп же бузуп алса, алар жүргөн мамлекеттин компетенттүү органдарына өздөрүнүн мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси аркылуу маалымдашат. Тийиштүү дипломатиялык миссия же консулдук мекеме жогоруда аталган адамдарга өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жаңы паспорт же өз мамлекетине кайтуу үчүн жол жүрүү документин берет.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан ар кандай келишпестиктер же талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8-берене.
1. Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгын тастыктаган жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып 30 (отуз) күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
3. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптардын биринин анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган учурдан тартып үч (3) айдын ичинде күчүндө болот.
202____-жылдын "_____" _________________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, албан жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тилдердеги тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Албания Республикасынын Министрлер Кеңеши үчүн |